Кыргызстандын электр энергетикасынын өнүгүү тарыхы
1992-жылдан 2003-жылга чейин
1992-ж. |
11-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Өнөр жай жана энергетика Министрлиги түзүлгөн. 13-июлда Шамалдышай ГЭСте 80 мВт. бекитилген кубаттуулугу менен биринчи гидроагрегаты ишке берилген. Бишкек ЖЭБте саатына 160 тн./буу иштеп чыккан 2-гидроагрегат ишке берилген. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен «Күн» долбоорун ишке ашыруу керек болгон, республиканын илим чөйрөсүндө жаңы технологияларды пайдалануу менен кайра жаралуучу энергиянын жолун иштеп чыгуу маселеси турган. Жалал-Абад ЖЧЭТИ 220/110/10 кВ "Кристалл" КЧ кубаттуулугу 63 МВА түзгөн жаңы трансформатор орнотулган. Ишке берилген: Бишкек ш. – 110 кВ Селекционная КЧ – 16 мВА. Чүй – Ново-Троицкая – Маловодное 35 кВ АЧ – эки чынжыр – 13,5 км, 35 кВ Кант АЧ– 1 Май – 28,7 км, 110 кВ Кайынды – 2х16 мВА АЧ, 35 кВ Маловодное КЧ – 4 мВА. Ысык-Көл олбасты – 110 кВ Каджисай – Тамга – 29 км АЧ. Нарын областы – 35 кВ 1 Май – 4 мВА КЧ. Ош областы – 35 кВ Мырза аке – Саламалик – 0,6 км АЧ. 35 кВ Саламалик – Аракөл – 15.04 км АЧ, 110 кВ Тулейкен – 25 мВА КЧ. Жалал-Абад областы – 35 кВ Базаркоргон – Учбулак – 10,34 км АЧ, 35 кВ Тегене – Жаныжол – 14,95 км АЧ, 110 кВ Шамалдысай-II – 25 мВА КЧ, 35 кВ Кызылтуу – 1,6 мВА КЧ, 35 кВ Учбулак КЧ– 4 мВА . |
1993-ж. |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун Токтому менен «Нарынгидроэнергострой», «Кыргызэнергострой» жана «Кыргызэлектросетьстрой» акционердик коомдорго өзгөртүлгөн. 11-ноябрда Бишкек ЖЭБ-де суу ысытуучу экинчи меш ишке берилген . 10-декабря Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 592 «Кыргыз мамлекеттик энергетикалык компания Кыргыз мамлекеттик-акционердик холдингдик компанияга өзгөртүү» боюнча токтому кабыл аланган. Анын курамына - Токтогул ГЭС каскады - Бишкек ш. ЖЭБ - Ош ш. ЖЭБ - Бишкек жалуулук тармактары ишканасы - Бишкек ЭТИ - Чуй ЭТИ - Кемин ЭТИ - Ысык-Көл ЭТИ - Талас ЭТИ - Нарын ЭТИ - Ош ЭТИ - Жалал-Абад ЭТИ - ПРП «Кыргызэнергоремонт» - КСРП «Кыргызэнергоспецремонт» - ПМТО (предприятие материально-технического обеспечения) - Окуу комбинаты Энергокомпаниянын курамынан өз алдынча акционердик коом болуп бөлүнүп чыккандар: - АК «Трест Кыргызэлектросетьстрой» - АК «УС Кыргызэнергострой» - АК «Завод ЖБИ». Курулуш аяктады: - 20-декабрда 110 кВ (в габаритах 220 кВ) Ысык-Көл - Каракужур – 1-жүргүзгүч комплекс) – 42.3 км АЧ. Ишке берилди: Бишкек ш.– 110 кВ Лермонтово КЧ – 1 кезек – 10 мВА. Чүй областы – 35 кВ Маловодное – Джиламыш – 4,53 км АЧ Ортоалыш КЧ– эки чынжыр- - 1 км, 35 кВ Искра – Чымкоргон – 8,3 км АЧ, 35 кВ АЧ «Сельэлектро» КЧ- 0,38 км, 35 кВ ИВТАН КЧ– 1,8 мВА, 35 кВ Жыламыш КЧ– 2,5 мВА, 35 кВ Кашкелен КЧ – 6,3 кВ, 35 кВ Чымкоргон КЧ -4 мВА, 35 кВ Сельэлектро» КЧ - 6,3 мВА. Нарын областы – 35 кВ Ипподром КЧ– 6,3 мВА, 35 кВ Шаркыратма КЧ 6,3 мВА Ош областы - 35 кВ Охна КЧ– 2,5 мВА, 35 кВ Көкбел КЧ– 4 мВА, 35 кВ Каратокой КЧ– 4 мВА, 35 кВ Дарооткоргон КЧ – 6,3 мВА. Жалал-Абад областы – 35 кВ Учтерек – Тельман – 8,02 км АЧ, 35 кВ Бурганды – Жаштык – 7,8 км АЧ, 35 кВ Афлатун КЧ - 2,5 мВА. |
1994-ж. |
Январь айында Шамалдысай ГЭСте экинчи гидроагрегат ишке берилген анын кубаттуулугу 80 МВт. 220 кВ Ысык-Көл КЧ 200 МВА автотрансформатор орнотулган. 14-мартта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №120 токтому кабыл алынган «1991-1993 жылдардагы мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүүнүн жыйынтыктары жана 1994-1995-жылдардагы Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программаларынын жыйынтыгы боюнча» «TASIS» программасынын алкагында «Прайс Уотерхаус» компаниясы тарабынан Кыргызстандын адистеринен турган топтун катышуусу менен Энергетика жана электроэнергетика боюнча мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген. Ишке берилген: 30-декабрда 110 кВ Ысык-Көл – Каракужур – 45.9 км АЧ. 30-декабрда 110 кВ Каракужур – Нарын 2 – 57.6 км АЧ. Чүй областы – 35 кВ Чалдыбар – 4 мВА КЧ. Нарын– 110 кВ Угут – 10 мВА КЧ, 35 кВ Куланак КЧ – 4 мВА, 35 кВ 1 Мая КЧ – 1 мВА. Ош – 110 кВ Учдөбө КЧ– 2,5 мВА. Жалал-Абад – 110 кВ Жалалабат КЧ– 25 мВА, 110 кВ Кайынды КЧ– 40 мВА, 110 кВ Карасуу КЧ– 40 мВА, 35 кВ Ничкесай КЧ– 1 мВА. «Кыргызэнерго» Өндүрүштүк бирикмеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-акционердик холдинг энергокомпания болуп өзгөргөн. (Кыргызмамэнергохолдинг) Негиздеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.12.1993-ж №592 Токтому. Буйрук №110 12.04.1994-ж. |
1995-ж. |
4 – 7-апрелде Кыргыз мамлекеттик энергетикалык холдинг компаниясынын делегациясы Брюсселде өткөн Европалык энергетикалык хартиянын экинчи жыйынына катышкан. Кыргыз мамлекеттик энергетикалык холдинг компаниясы «Бернз энд Рой» америкалык адистер менен бирдикте «Электр жана жылуулук тармактары жана Бишкек ЖЭБ реконструкциялоо» боюнча ТЭН даярдалган. Декабрь айында Шамалдысай ГЭС 80 МВт кубаттуулуктагы үчүнчү гидроагрегат ишке берилген. Шамалдысай ГЭС ОРУ -220 кВ 200 МВА кубаттуулуктагы экинчи күчөтүүчү трансформатор орнотулган Декабрь айында 36 км 110 кВ АЧ жана 110/6 кВ «Кумтор» КЧ курулушу аяктаган. Ал Кумтор алтын кенин электрэнергиясы менен камсыздаган. Ишке берилген: Чүй облусу –35 кВ АЧ 35/10 кВ Степная КЧ – 7,8 км, 35 кВ Степная КЧ – 2,5 мВА. Талас облусу – 110 кВ АЧ Кенкол КЧ – 8,2 км, 110 кВ Кенкол КЧ – 6,3 мВА. Нарын облусу – 110 кВ Алатоо КЧ – 10 мВА. Ош облусу – 35 кВ АЧ Ош КЧ – 1,8 км, 110 кВ Тулейкен КЧ – 25 мВА, 110 кВ Наукат КЧ 25 мВА, 110 кВ Кызылкия КЧ– 10 мВА, 35 кВ в Ош ш. КЧ– 6,3 мВА, 35 кВ Аккия КЧ Кызылкия ш. – 10 мВА. Жалал-Абад 110 кВ Жалалабат КЧ (Т-2) – 25 мВА, 110 кВ Бекабад КЧ – 16 мВА. 22-майда 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Европалык реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы менен «Ысык-Көл областынын электрэнергиясы менен камсыздоосун жакшыртуу» боюнча Кепилдик макулдашууга кол коюлган |
1996-ж. |
16-январда Ысык-Көл областында 110/6 кВ КЧ 36 км 110 кВ "Кумтөр" АЧ чыңалууга коюлган. 6-февралда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк фондунун № 17/1-31 жумушчу тобу түзүлгөн. Ал кыргызмамэнергохолдингди мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Консепциясын Кыргызмамэнергохолдинг, Маммүлк фонду, Экономика министрлиги, USAID, КР илимдер академиясынын суу көйгөйү жана гидроэнергетика институту жана КырНИИЭ өкүлдөрүнүн катышуусунда иштеп чыгууга. 4-мартта Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгы менен ЖП №45 Кыргыз Республикасынын өкмөтү алдында энергетика боюнча Мамлекеттик агентство түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргызмамэнергохолдингдин сунушунун негизинде Кыргыз энергетикалык илимий-изилдөө институту «Энергия» Кыргыз илимий-техникалык борбору болуп түзүлгөн. 26-сентябрда 220 кВ Ысык-Көл-2 КЧ 200 МВА кубаттуулуктагы трансформатор коюлган. 30-октябрда №65 Кыргыз Республикасынын энергетика боюнча Мыйзамы кабыл алынган. 18-декабрда «Кыргызэнергохолдинг» президенттин №364 жарлыгы менен энерготутумдагы бардык ишканалар толугу менен өзүн-өзү тейлөөгө жана каржылоого өткөн. Ишке берилген: Бишкек шаары - 110 кВ Орок КЧ – 50 мВА, 110 кВ Лермонтова КЧ– 25 мВА. Чүй областы – 110 кВ Кемин – Шабдан АЧ – 36,3 км, 35 кВ к ПС Беловодская АЧ – 1,1 км, 35 кВ АЧ Эфиронос КЧ– 1,7 км, 110 кВ Шабдан КЧ – 6,3 мВА, 110 кВ Токмок КЧ – 50 мВА, 35 кВ Бектимир АЧ– 4 мВА, 35 кВ Беловодская КЧ – 4 мВА, 35 кВ Эфиронос КЧ – 1,6 мВА, 35 кВ Бешкунгей КЧ– 2,5 мВА. Ысык-Көл – Каракол шаарында 110 кВ Западная КЧ– 10 мВА. - 220 кВ Балыкчи – Тамга АЧ– 154 км, -220 кВ Балыкчи АЧ – 200 миң. мВА, -220 кВ Тамга – 125 миң. мВА Ош областы – 35 кВ Даараткоргон – Жарбашы АЧ– 15,1 км, 35 кВ Жарбашы КЧ – 1,6 мВА. 18-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азия Өнүктүрүү банкы ортосунда «Электрэнергия жана борбордук жылуулук системасын реконструкциялоо» боюнча долбоорго кол коюлган. 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Швейцария Өкмөтү ортосунда «Электрэнергия жана борбордук жылуулук системасын реконструкциялоо» долбоорун каржылоого катышуу боюнча макулдашууга кол коюлган. .
|
1997-ж. |
28-январда №56 Мыйзам Кыргызской Республикисынын электроэнергетика тууралуу мыйзам кабыл алынган. 23-майда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун чечими менен Кыргызмамэнергохолдинг «Кыргызэнерго» акционердик коому болуп түзүлөн. 31-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №317 токтомуна ылайык «Кыргызэнерго» акционердик коомунун жаңы жобосу кабыл алынган. Ал жобого ылайык «Кыргызэнерго» АК Кыргызмамэнергохолдингдин юридикалык ордун ээлейт. «Кыргызэнерго» АК башкы директорунун буйругу менен Кемин ЭТИ Чүй ЭТИнин курамына кошулат. «Быстровка-Ак-Кыя» 220 кВ АЧ ишке берилет жана «Ак кыя» КЧ биринчи кезеги Нарын областындагы 125 МВА автотрансформатору менен бирдикте Ысык-Көл КЧ которуу менен. Ноябрь айында Аламедин ГЭС каскадынын курамындагы Калинин ГЭС 1, - 480 мВт кубаттуулугу менен Кыргыз-Француз ЖЧК «Калининская ГЭС» Кыргыз-Французкоомуна убактылуу пайдаланууга берилет. Буйук №436 03.11.1997-ж. 23-декабрда Кемин-Нарын 220 кВ 47 км узундуктагы АЧ жана 220 кВ Нарын КЧ 1-кезекте 125 миң мВА курулуш аяктаган. Ишке берилген: Бишкек – 6/10 Пиковая КЧ – 2,5 мВА. Чүй – АЧ 35 кВ Нур КЧ – 1 км, 35 кВ Нур КЧ – 1,6 мВА, 35 кВ Тюз КЧ – 4 мВА. Ысык-Көл областы 35 кВ АЧ Сару КЧ – 4,7 км, 35 кВ Сару КЧ – 4 мВА, 220 кВ Тамга КЧ БСК оңдолгон, 110 кВ Пристань КЧ- 20 кВАР, 110 кВ Покровка КЧ– 10 кВАР, 110 уВ Теплоключинка КЧ – 10 кВАР Талас областында – 110 кВ Чатбазар КЧ – 25 мВА, 35 кВ КЧ Андаш насосуна– 2,5 мВА. Нарын ЭТИ – 35 кВ Аккыя КЧ – 1,6 мВА, 35 кВ Учкун КЧ– 1,6 мВА. Ош ЭТИ – 110 кВ Анар КЧ– 20 мВА, 35 кВ Орджоникидзе АЧ – Актурпак – 18,94 км тиречтер темир тирээчтерге алмаштырылган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-акционердик холдингдик энергокомпаниясы «Кыргызэнерго» Акционердик коому болуп өзгөргөн. Негиздеме: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.04.1997 ж. №239 токтому. Буйрук №225 09.07.1997ж. 12-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Өнүктүрүү Фонду ортосунда «Электрэнергия жана борбордук жылуулук системасын реконструкциялоо» боюнча долбоорду каржылоо боюнча насыялык макулдашууга кол коюлган. 23-октябрь Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Араб экономикалык Өнүктүрүү фонду ортосунда «Ош облусунун райондорун электр энергиясы менен камсыздоо» долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга кол коюлган. 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ислам Өнүктүрүү банкы ортосунда 220 кВ Алай-Баткен АЧ куруу боюнча насыялык макулдашууга кол коюлган. 18-декабрда «Талас областынын электр энергиясы менен камсыздоосун жакшыртуу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосунда Кепилдик макулдашууга кол коюлган |
1998-ж. |
5-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү №333 Токтому менен «Кыргызмамэнергохолдинг» ишканасын мамлекеттен ажыратуу жана приватизациялоо программасынын атын өзгөртөт. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 23-апрелиндеги №239 токтому менен «Кыргызэнерго» акционердик коомун мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү» программасы болуп аталат. 17-июнда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Казакстан, Өзбестан жана Тажикстан ортосунда паралелдүү иштөө боюнча макулдашууга кол коюлган. 25-июнда жол кырсыгынан Ысык-Көл электр тармактары ишканасынын 16 кызматкери каза болгон. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6-июлдагы №426 токтомуна ылайык Кыргыз Ресупбликасынын Өкмөтү алдындагы энергетика агенттигине караштуу Энергетика жана газ Мамлекеттик инспекциясы түзүлгөн. 7-июлда Кыргыз Республикасынын №84 «Электр энергиясын үнөмдөө тууралуу» Мыйзамы кабыл алынган. 6-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны №936-1-15 токтому менен «Кыргызэнерго» Мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын» бекиткен. Ишке берилген: Бишкек шаарында – 110 кВ Кыргызская КЧ – 16 мВА, аба чубалгысы (КЛЭП) 35 кВ Ново-Восточная – Восточная – 4,65 км. Чүй обастында – 35 кВ Александровка КЧ – Сокулук – 13,4 км, ВЛ 35 кВ КЧ Искра – Чымкоргон – 8,3 км, 110 кВ Победа КЧ – 10 мВА. Ош областы – 110 кВ АЧ Куршаб КЧ – 27,6 км, 110 кВ Куршаб КЧ– 25 мВА. Жалал-Абад областы - 110 кВ Достук КЧ– 10 мВА, 35 кВ Өзгөрүш КЧ– 10 мВА. |
1999-ж. |
11-мартта КР Юстиция министрилиги «Кыргызэнерго» АКнын жаңы жобосун кабыл алган. (кат. № 1147-3301). 24-мартта КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны №1358-1 токтому менен «Кыргызэнерго» АК мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү программасын» бекиткен. Биринчи кварталда «Кыргызэнерго» АК жана «Энергия» КУИТ адистеринин тобу «Кыргызстанда 1999-2005 жж кичи гидроэнергетиканы өнүктүрүү программасы» боюнча иштер жасалган. 5-октябрда «Кыргызэнерго» АКнын акционерлердин кезексиз жыйынынын чечими менен «Кыргызэнерго» АКнын курамынан КСРП «Кыргызэнергоспецремонт», «Кыргызэнергоремонт», каскад Аламединс ГЭСтери жана Бишкек жылуулук тармактарынын денетарбия-денсоолукту чыңдоо комплекси чыгарылган. Ишке берилген: Бишкек шаары - 110 кВ Парковая КЧ – 16 мВА. Ысык-Көл областы – 35 кВ АЧ Тасма КЧ – 1,4 км, 35 кВ Тасма КЧ – 4 мВА. Талас областы – 110 кВ АЧ Өзгөрүш КЧ – 0,52 км, 110 кВ Өзгөрүш КЧ – 6,3 мВА. Жалал-Абад областы – 35 кв Аскарата КЧ – 6,3 мВА |
2000-ж. |
29-январда Кыргыз Республикасыын Өкмөтүнүн №38 токтомду кабыл алган «Кыргызэнерго» акционердик коомун реструктуризациялоо анын курамынан жаңы акционердик коомдорду чыгаруу: - «Электрбөлүштүрүүчү компания»; - «Электр станциялары»; - «Бишкек жылуулук тармактар ишканасы»; - «Кыргызстан улуттук электр тармагы. Май айында Аламедин ГЭС каскады «Чакан ГЭС» акционердик коому болуп өзгөргөн ММФ №69 Буйругу 22.05.2000 ж. Июнь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен энергетикалык бажы түзүлгөн ал электрэнергиясын жана жаратылыш газын республиканын чектери аркылуу берүүдө республиканын кызыкчылыгын коргойт. Август айында Токмок шаарында 220 кВ «Чуйская» КЧ курулушу аяктаган, курулуш иштерин «Кыргызэнерго» АКнын адистери менен КЛЕМЕССИ фрнацуз фирмасы алып барган 26-октябрда 63 мВА кубаттулуктагы 220 кВ Чуйская КЧ, 250 мВА кубаттуулуктагы 220 кВ Алаарча- КЧ 18,6 км 220 КВ аба чубалгысы менен курулуш аяктаган. 125 мВА кубаттуулуктагы 220 кВ Ак кыя КЧ экинчи кезеги ишке берилген. 2-сентябрда Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Өзбекстан, казакстан жана Тажикстан )энерготутуму Россиянын Бирдиктүү энерготутуму менен параллель иштей баштаган. 16-октябрда Бишкек ЖЭБте 90 мВт кубаттулуктагы №11 сыналууучу турбоагрегат ишке берилген. Иш чарага Кыргыз Республикасынын президенти А.Акаев жана Россия Федерациясынын президенти В.Путин катышкан. Курулуш жана жабдыктарды мантаждоону «Кыргызэжнергострой» АК, «Средазэнергомонтаж» жана башка ишканалар алып барган. Жабдыктарды өткөн тендерге ылайык «Технопромэкспорт» (Россия) камсыздаган. Курулушту 23,9 млн. долларга Дүйнөлүк Банк каржылаган. Ноябрь айында Кыргызстандын энерготутумуна Талас областы кошулган, ал жакта 500 кВ Алабель, 220 кВ Семетей жана Алабел-Семетей КЧ курулуш иштери аяктаган. 110/35/10 кВ "Орто-Алыш" КЧ реконструкциясы аяктаган, 25 МВА эки италиялык трансформатор орнотулган. Ишке берилди: В Чүй областы – 26-октябрь - 110 кВ Ново-Троицкая КЧ – 80 мВА, 110 кВ Ортоалыш КЧ – 50 мВА. Ош областы – 110 кВ Центр КЧ Ош шаарында – 8,6 км, 110 кВ Центр КЧ – 10 мВА, 35 кВ КЧ Ош-3000 – 6,94 км, 35 кВ Новая – Мирзааке – 2,04 км АЧ, КЧ 35 кВ Ош-3000 – 14 мВА. |
2001-ж. |
5-январда Талас областында «Кыргызэнерго» 500 кВ Алабел кубаттуулугу 300 мВА, Семетей КЧ 220/110/10 кВ 300 мВА кубаттуулуктагы 500 кВ курулуш аяктаган. 12-январда «Кыргызэнерго» акционерлеринин кезексиз жыйыны өтүп, анда «Кыргызэнерго» АК реорганизация жүргүзүү зарылдыгы айтылып, анын курамынан энергетикалык жана жылуулук тармактарын чыгаруу менен анын базасында «Түндүкэлектр», «Чыгышэлектр», Жалалабатэлектр» , Ошэлектр», Бишкекжылуулук тармагы» акционердик коомдору түзүлгөн. Ошондой эле «Кыргызэнерго» АК негизинде эки компания түзүүгө макулдук берилген – «Кыргызстан улуттук электр тармагы» жана «Электр станциялары» ААК. Бишкек ЖЭБте 11-агрегат ишке киргизилген. 16-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн келиштирүүчү комиссиясы жана Жогорку Кеңештин эки палатасы тең «Кыргызэнерго» АК мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Программасы боюнча бирдиктүү чечим кабыл алган. 29-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №256 токтому «Токтогул ГЭС каскадынын жана жогорку чыңалуудагы электр энергиясын жеткирүү базасында түзүлгөн акционердик коомдордун мамлекеттик акциялардын пакетин мамлекеттин карамагына берүү» Июнь айында «Түндүкэлектр», «Чыгышэлектр», Жалалабатэлектр», «Ошэлектр» жана «Бишкекжылуулук тармагы» Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде АК болуп катталышкан. 7-сентябрда «Кыргызэнерго» АКнын акционерлеринин кезексиз жыйынында «Электр станциялары» ААК жана «Кыргызстан УЭТ» Уставы, «Электр станциялары» жана «Кыргызстана УЭТ» ААКнын бөлүштүрүүчү баланстары кабыл алынган. Ишке берилди: Ысык-Көл областында – II кезек 110 кВ Пионерская – 25 мВА КЧ. Талас областында - 110 кВ Семетей – Тараз АЧ – 10 км, 110 кВ Семетей – Талас-1 АЧ – 10,25 км, 110 кВ Семетей – Чатбазар АЧ – 0,58 км. Нарын областы – 35 кВ Каракече АЧ -30,17 км. |
2002-ж. |
21-январда «Токтогул каскад гидроэлектростанция жана Улуттук жогорку чыңалуудагы электрэнергиясын берүүчү чубалгы» боюнча Мыйзам кабыл аланган, ага ылайык ишканалардын 93,72% акциялар мамлекеттики болуп саналат, ал сатылбайт, Кыргыз Республикасынын тышкы карызын жабыш үчүн берилбейт, башка бирөөгө ишенимдик башкарууга да берүүгө болбойт. Фрунзенская КЧ жабдыктар модернизацияланган. Ишке берилген: Бишкек ш.– 11 июлда 110 кВ АЧ Арчабешик КЧ – 0,92 км, Арчабешик КЧ– 10 мВА. Ош областында 110 кВ Центр КЧ трансформатор алмаштырылган – 25 мВА жана 110 кВ Ош-6 КЧ – 25 мВА. Жалал-Абад областында 110 кВ Караван КЧ– 25 мВА жана 110 кВ Базаркоргон КЧ– 16 мВА трансформатор алмаштырылган. «Кыргызэнерго» акционердик коому «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК болуп түзүлгөн. Негиздеме: Буйрук №2 03.01.2002ж. |
2003-ж. |
10-октябрда Баткен областында 220 кВ Айгүлташ - 125 мВА КЧ ишке берилген. 9-декабрда 50 мВА кубаттуулуктагы эки трансформаторду орнотуу менен 110 кВ Баткен КЧ курулушу аяктаган. «Үч терек» 110 кВ көмөк чордону 10 МВА кубаттуулуктан 16 МВА трансформаторго алмаштырылган. |
![]() |
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта