Жалал-Абад электр тармактар ишканасы Директор: Паизов Азамат Мамазакирович 720609 Жалал-Абад ш., Ленин көч., 159 тел/факс (03722) 5-27-14 Маалымат жаңыланат. Жалал-Абад электр тармактар ишканасы «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын түзүмдүк бөлүмү. Жалал-Абад ЖЧЭТИ гидроэлектростанциялар иштеп чыккан электр энергиясын 110-220-500 кВ жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары аркылуу колдонуучуларга жеткирет. Бардык чубалгылар тутум негиздөөчү, стратегиялык маанилүү объект, алар деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашышкан, аба чубалгылар тоолу аймактар аркылуу катаал климаттык шартта өтөт. Тейлей турган жалпы аймагы радиусу 420 км. түзгөн 21,1 миң км2 аянтты ээлейт. Ишкананын карамагында кубаттуулугу 2723,66 МВА түзгөн 110-220-500 кВ чыңалуудагы 40 көмөк чордон бар. 110-220-500 кВ электр чубалгыларынын жалпы узундугу 1725,3 км түзөт. Жалал-Абад ЖЧЭТИ электр энергиясын аба чубалгылар менен сегиз административдик аймак, сегиз шаар жана шаар тибиндеги айылдар аркылуу ташып өтөт. Жалал-Абад ЖЧЭТИ коңшу Өзбекстан, Казакстан мамлекеттерине ошондой эле Ош, Нарын областарына жана республикабыздын түндүгүнө электрэнергиясынын транзитин жүргүзөт. |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
![]() |
Байланыш дарегибиз:
720070, Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., 326
+996 (312) 66-10-01 (кабылдама)
+996 (312) 66-16-09 (факс)
+996 (312) 67-03-35 (басма сөз кызматы)
Биздин карта